Menu

Садыр Жапаров: “30 жыл чыдаган эми алты ай чыдагыла! Коррупционерлерди мыйзамдуу жолдор жана мамлекеттин күчү менен жок кылабыз”

Бөлүшүү:

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды провокацияга алдырбоого жана ал мыйзамдуу жол менен коррупцияга каршы күрөштү баштаганга чейин күтүүгө үндөдү. Мындай кайрылууну Садыр Жапаров өзүнүн Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.

“Урматтуу мен Мекенчилмин деп күйгөн замандаштар!

Коррупция жоголбой жатат, коррупция менен күрөшөбүз деп, өз билемдик кылганды токтоткула! Коррупционерлерди мыйзамдуу жолдор жана мамлекеттин күчү менен жок кылабыз. Ал үчүн бир аз гана убакыт керек.

Мен бир күн жумушка чыга элекмин. Реформа баштала элек. 28-январь ант берүү күнүнөн кийин расмий ишке киришкенимден баштап, реформалар башталат. Жаңы өкмөт түзүлөт. Өкмөттүн жаңы структурасы болот.

Апрель айында жаңы конституция кабыл алынат. Андан кийин жаңы мыйзамдар иштей баштайт.

Ошентип май-июнь айларына барып гана саясий процесстер бүтөт. Ошондон кийин гана коррупционерлерди мыйзам чегинде жок кылабыз. Ал эми бүгүн эле ар кайсы аймактарга жетип барып, мен коррупция менен күрөшүүчүмүн деп, эл арасына бүлүк салып, чагымчылдык кылып жүргөндөрдү токтоткула!

Андайларды мекенчил эмес, мага десе бир тууганым болсо да камагыла дээр элем.

Биз мыйзамдуу өлкөдө жашашыбыз керек. 30 жыл чыдаган эми алты ай чыдагыла! Бир күн иштей элек жатсам жаңы бийлик иштебей жатат деген дооматыңар калыстыкка жатпайт.

Чагымчылдыктын, бирөөлөрдүн куралы болуштун дагы чеги болуш керек…”, – деп айтылат кайрылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: