Menu

ИИМ: Жашы жете элек өспүрүмгө карата күч колдонуп жыныстык катнашка барган окуя Алтай республикасынын Кош-Агач районунда болгон

Бөлүшүү:

Жашы жете элек өспүрүмгө карата күч колдонуп жыныстык катнашка барган окуя Алтай Республикасынын  Кош Агач районунда болгон. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

КР Ички иштер министрлиги 24-январь күнү социалдык тармактарда тараган видео боюнча комментарий берген. Бул окуянын чоо-жайын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары  жүргүзүлүп жаткан.

“Анын үстүнө окуя тактала электе социалдык түйүндөрдө провокацияга алдырган  жарандар болду. Ошол эле соцтүйүндөр аркылуу ар кандай сүрөттөрдү салышып, башка жарандарды күнөөлөгөн  такталбаган  маалыматтар, аудиолор  да тарап кеткен. Ошондо биз бул окуя Кыргызстанд болбогондугун, видео бир же эки жыл мурда тартылышы мүмкүн экендигин билдиргенбиз.  Аталган видеороликтеги окуя  Кыргызстандын аймагында болгон эмес, бул окуя чет мамлекеттердин биринде болгондугу такталган. Күнөөкөр жоопкерчиликке тартылган.   Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аталган окуянын чоо-жайын тактоо максатында ошол мамлекетке ыйгарым түрдө суроо өтүнүчүн жибергенбиз.

Бүгүн, жооп келди. Анда 2020-жылдын 29-июль күнү Алтай Республикасы боюнча ИИМдин кызматкерлери Интернетте мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө  “WhatsApp”  мессенджеринде  белгисиз жигитке карата күч колдонуп сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап жаткан жаш жигиттин видеосун табышкан”, – деп айтылат маалыматта.

Алтай Республикасы боюнча ИИМдин кызматкерлери  тарабынан  жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө 2019-жылдын август айында Алтай Республикасынын Кош Агач районунун Кош Агач айылында  (2019-жылдын 1-10-августтарынын ичинде)  жашы жете элек  “Р”, башка жашы жете элек өспүрүм “К” карата күч колдонуп жыныстык катнашка баргандыгы аныкталган.  Жогорудагы факты боюнча Алтай Республикасы боюнча Тергөө Комитетинин Тергөө башкармалыгынын Улаган райондор аралык тергөө бөлүмү 2020-жылдын 29-июль күнү Россия Федерациясынын  Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (Жашы жете элекке карата  жасалган күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү
аракеттер)  боюнча кылмыш ишин козгогон.  Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жашы жете элек “Р”  ички иштер органына  жеткирилип, Россия Федерациясынын жаза проссецуалдык Кодексинин 91-беренесине ылайык кармалган.

2020-жылдын 31-декабрь күнү айыптоо корутундусу менен кылмыш иши  Кош Агач райондук сотуна  жиберилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: