Menu

Рахмон: Бүгүнкү күндө Тажикстанда COVID-19 жок

Бөлүшүү:

Эмомали Рахмон 26-январда парламентке кайрылуу жолдоп жатып, ушул тапта Тажикстанда коронавирус жок экенин айтты.

Президент 1-январдан баштап өлкөдө вирус жуктурган учур катталбаганын белгиледи. Ошол эле маалда өлкө башчы эл санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоону улантышы зарыл экенин билдирди. Ал чет өлкөдөн келген кишилердин баарын карантинге алууну тапшырды.

Буга чейин Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги жыл башынан бери бирин-экин гана киши коронавирус жуктуруп алганын маалымдаган. 10-январдан кийин өлкөдө инфекция жуктурган учур расмий түрдө катталган эмес. Бирок эксперттер расмий статистикага ынанышпайт жана ооруну жуктургандардын жана андан өлгөндөрдүн саны алда канча көп экенин айтышууда.

Рахмон той-аш өткөрүүдө, жамаат менен намаз окууда этият болууга чакырып, санитардык эрежелер сакталбаган учурда мечиттер жабыларын эскертти.

Тажикстанда мечиттер 1-февралдан тартып иштей баштайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: