Menu

Камчыбек Жолдошбаев, ЖК депутаты: “Түрк ишкери Али Ифлазоглу карандай калп айтып, жалаа жапканын токтотпосо мыйза алдында жооп берип калат”

Бөлүшүү:

“Бишкектеги “Таксим” түрк  ашканасынын ээси Али Ифлазоглунун “мени депутат Камчыбек Жолдошбаев коркутуп жатат” деген жалган жалаасы мага күтүлбөгөн, ойдо жок нерсе болду. Алгач бул түрктүн эс-акылы жайындабы деген ой келди”, – деп билдирди бүгүн КР Жогорку Кеңешинин депутаты Камчыбек Жолдошбаев.

“Биринчиден, мен ал түрк менен такыр тааныш эмес болчум, экинчиден, мени анын “Таксим” ашканасы такыр кызыктырбайт: жасаган тамак-ашы дагы, жайгашкан жери дагы кызыксыз. Эми сураштырсам ал түрк ошол жерге бир кыргыздын жерин ижарага алып, жеңил конструкциядагы “Таксим” ашканасын салып иштетет экен. Жердин ээси депутат Алмазбек Акматовдун туугандары окшойт. Анткени ал түрк буга чейин “мени депутат Алмазбек Акматов коркутуп жатат” деп ызы-чуу кылып жүргөнүн бир топ гезит менен сайттар жазышкан экен. Ал “Таксим” түрк ашканасынын жанында “Октябрь” кинотеатры жайгашкан. Ал жерге бир нерсе салайын деген дегеле ой-түшүмө кирбеген. Анан Али  Ифлазоглу “бирөөлөр келип “биз депутат Камчыбек Жолдошбаевдин жигиттерибиз” деп мени сабап кетишти” дегени күлкү келтирет. Эгер ушул чын болсо, ошентип айтканы эле өзү шектүү болуп жатпайбы, бул түрктө кичине логика болсо, башында кичине данек болсо ойлобойбу, зордук көрсөткөн, кылмыш кылган адам өз атын айтып кетеби? Демек муну бирөө атайын чагым кылып, менин атымды атап, уюштурушкан же Али Ифлазоглу карандай калп айткан жалакор. Балким аны мени көрө албаган бирөөлөр мага карата айдактап жаткандыр. Андан көрө Али Ифлазоглу милицияга же сотко кайрылсын, аны коркуткандарды же чагым уюштургандарды табышсын. Тааныбаган бирөөгө эле эч далилсиз жалаа жаап, катындарча ажылдаганын токтотсун. Болбосо мыйзам алдында жооп берип калат. Анан анын жалган жалааларын жарыялаган чала сабат сайттарга эскертем, бир нерсени жарыялардын алдында жок дегенде бир телефон чалып сурап койбойбу”, – деди депутат Камчыбек Жолдошбаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: