Menu

Фото –  ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери шектүү жарандан ири өлчөмдөгү прекурсор табышты

Бөлүшүү:

ИИМдин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан борбор калаада өндүрүлүүчү жана күкүрт кислотасынын ири өлчөмүн сатууга адистешкен кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, бул зат өзүнүн кооптуулук туудуруучу сапаттарынан башка да, баңгизаттардын оор түрлөрүн өндүрүү үчүн негизги прекурсор болуп саналат.

Жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишин изилдөөнүн жана тинтүү иш-чараларынын натыйжасында, 1976-жылы туулган Ш.А. аттуу жарандын иштеген жеринде «героин» баңги каражатын  жасоодо, өндүрүүдө, кайра иштетүүдө колдонуучу  зат табылып алынган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн  520 килограмм күкүрт кислотасы алынды.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча атайын ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Маалымат катары: 520 килограмм күкүрт кислотасынан 1,5 тонна героин баңги каражаты  өндүрүлөт. Бул  750 000 максималдуу дозага татыйт. Акчалай эсептегенде – 1 миллион доллардан ашат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: