Menu

AI: Беларуста митингдерде кармалган жарандарды кыйноого алгандар жазасыз калууда

Бөлүшүү:

Беларус бийлиги Александр Лукашенконун башкаруусуна каршы өтүп жаткан акциялар учурунда кармалган жарандардын кыйноого алынганы боюнча тергөө иштерин жүргүзбөй келет. Бул тууралуу Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюмунун баяндамасында жазылган.

Укук коргоочулар Буларустун аймагында сот адилеттигине жетүү аракеттеринен «майнап чыкпай турганын» белгилеп, эл аралык коомчулукту күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн активдүү кадамдарды жасоого чакырышты.

«Адам укуктары бузулуп, күнөөлүүлөр өлкө ичинде жазаланбай жатканы — иликтөөнүн эл аралык механизмдерин иштеп чыгууну талап кылат. Эл аралык коомчулук четте карап турбашы керек», — деди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Стразерс.

Уюмдун маалыматына караганда, акциялар башталган 2020-жылдын августунда милициянын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна даттанган 900дөн ашык арыз жазылган. Бирок укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата бир да кылмыш иши ачылган эмес. Ошол эле маалда кыйноонун жана катаал мамиленин курмандыгы болгон тынч демонстранттардын көбүнө каршы кылмыш иштери козголгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: