Menu

Батыш өлкөлөрүндөгү банктардан 2,5 миллиард доллар уурдаган хакерлер колго түштү

Бөлүшүү:

Украинанын укук коргоо органдары Европол, АКШ жана Германиядагы кесиптештери менен биргеликте дүйнөнүн бир нече өлкөсүндөгү банктарга киберчабуулдарды жасаган хакерлер тобун колго түшүрүштү. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы 27-январда билдирди.

2014-жылдан бери иштеп келаткан топ сыр сөздөрдү, логиндерди жана төлөм маалыматтарын уурдоого багытталган «банк трояндарын» колдонуп, компьютерлерге кирип жүрүшкөн.

Маалыматка караганда, кылмышкерлердин мындай аракетинен Улуу Британия, Германия, Австрия, Швейцария, Нидерланд, Литва жана АКШдагы каржы мекемелери зыянга учураган. Алар уурдаган каражаттын жалпы суммасы 2,5 миллиард долларды түзгөн.

Хакерлер Украинанын Харьков шаарында жана Харьков облусунун аймагында иштешкен. Тинтүү маалында алардан кылмыш жасоо үчүн колдонулган компьютердик жана сервердик жабдуулар табылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: