Menu

Блинкен: АКШ Навальныйдын камалганына тынчсызданууда

Бөлүшүү:

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кошмо Штаттар орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын камалышына «тынчсызданып жатканын» билдирди.

Ал буга байланыштуу Москвага карата жооптук чара көрүү ыктымалдыгын да четке каккан жок.

«Биз Навальный мырзанын коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатабыз. Эң башкысы, анын үнү — бул орусиялыктардын көпчүлүгүнүн үнү. Алардын оозун жапкандын ордуна угуу керек», — деди Блинкен.

Анын айтымында, президент Жо Байдендин администрациясы мындан тышкары Орусиянын башка аракеттерине да реакция кылуу мүмкүндүгүн караштырууда. Алардын арасында Москванын АКШдагы 2020-жылкы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү, Алексей Навальныйдын ууландырылышы, өкмөттүк серверлерге жасалган киберчабуулдар жана Ооганстандагы америкалык аскерлерди өлтүргөндөргө сыйлык берүү сунушу бар.

26-январда АКШ жана Орусия президенттеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Жо Байден Кремлди сындап жүргөн Алексей Навальныйдын камалганына тынчсыздануусун билдирген. Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Владимир Путин Байденге «иштин жагдайын түшүндүрүп берген».

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: