Menu

Өзбекстанда жеке ишке орноштуруу агенттигинин башчысы 9 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Ташкентте сот “Recruit consulting work” ишке орноштуруу агенттигинин жетекчиси Жахонгир Аллабердиевди алдамчылыкка айыптап, 9 жылга эркинен ажыратты. Тергөө материалдарына караганда, ал 1087 жаранга 765 миң доллардын тегерегинде чыгым келтирген.

Аллабердиев 2020-жылы Корея, Жапония, Латвия, Литва, Чехия, Нидерланды, Германия, Швеция, Словакия өлкөлөрүнөн иш таап берүүгө убада кылып, миңден ашуун кишиден ири суммадагы акча алган. Бирок милдеттенмесин аткарган эмес.

Буга чейин Өзбекстандагы бир катар жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин жетекчилерине жана кызматкерлерине кылмыш иши козголгону кабарланган.

Былтыр октябрда Самарканд шаарынын соту “Amilee Bahora” агенттигинин жетекчилери Жахонгир Тахировду жети жылга, Бахор Рауповду беш жылга эркинен ажыраткан.

Мындан тышкары ушул эле агенттиктин башка облустардагы 12 өкүлү 6 жылдан 9 жылга чейин соттолгон. Сот агенттик 300дөн ашуун кишиден акча алып, бирок аларды жумуш үчүн чет өлкөгө жөнөтпөнү жөнүндө токтом чыгарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: