Бүгүн, 29-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 74 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 53, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 11, Ош облусунан – 5, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 2 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 84 377 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 162 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 80 643 жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 69, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 51, Ош облусунан – 3, Талас облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 22, Жалал-Абад облусунан – 7, Баткен облусунан – 1, Нарын облусунан – 6.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Ысык-Көл облусунан 1 бейтап каза болду. Алардын жалпы саны 1409га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ