Дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин изилдеген «Transparency International» эл аралык уюму жарыялаган жаңы баяндамага ылайык, Тажикстан былтыркыдай эле 25 балл алып, 180 өлкөнүн ичинен 149-орунду ээледи.
2020-жылы Тажикстан ушул эле көрсөтүч менен Мозамбик, Нигерия, Мадагаскар, Камерун жана Иран менен бир катардан орун алган.
Иликтөөдө укук коргоочулар COVID-19 пандемиясы маалында бийликтин аракети коррупцияга кандай таасир бергенин белгилешкен. Документте 180 өлкөнүн саламаттык сактоого салган инвестициялары жана демократиялык нормалар менен институттардын алсыроо деңгээли салыштырылган.
Борбор Азия өлкөлөрүндө укук коргоочулар Кыргызстанды өзүнчө белгилешкен: өлкө мүмкүн болгон 100 баллдан 31 балл алып, 124-орунун сактап калган. Кыргызстан 2012-жылдан бери өз позициясын жакшыртып, жети баллга жогорулаган. Ошол эле маалда коррупциянын кеңири жайылышы жана ачык-айкындуулуктун жоктугу пандемияга каршы күрөшүүдө жолтоо болгону айтылган.
Бул арада Казакстан 34 балл алып, 113-орундан 94-орунга көтөрүлдү. Өзбекстан да позициясын жа
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ