Menu

Сокулук районунда милиция кызматкерлери алдын алуу иштерин улантышууда

Бөлүшүү:

27-январь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигинин демилгеси менен Кызыл-Туу жана Малаводное айылдарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жашоочулар менен жолугушуу уюштурулду. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага 50дөн ашуун тургундар катышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана Сокулук РИИБдүн жетекчилигине көйгөйлөрүн жеткиришти. Жолугушуунун катышуучулары уурулук, мал уурулуктары, андан сырткары күнүмдүк тиричиликтерге байланыштуу бир катар көйгөйлөрүн айтышып,  алар Сокулук РИИБдүн жетекчилигинин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көзөмөлүнө алынды.

Ошол эле учурда кылмыштуулукту алдын алуу жана аларды болтурбоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, шектүү адамдарды же чоочун автоунаалрдын шек жараткан жагдайлары болсо аймактык тескөөчүгө, РИИБгө же 102 номерлерине билдирүүнү эскертишти.

Эске сала кетсек, Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан өткөн 2020-жыл ичиинде 150дөн ашуун алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Алар көбүнчө калк арасында жугуштуу илдетти алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктарга жол бербөө, уурулуктарды жана мал уурулуктарын алдын алууга багытталган. Андан сырткары Соклурук РИИБү тарабынан 80 ден ашуун рейд иш-чаралары уюштурулуп, анын аркасында бир нече кылмыш иштеринин беттери ачылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: