Menu

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровду Кыргызстандын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

«Түркмөнстан менен Кыргызстанды кылымдарды карыткан достук, бир туугандык жана жакшы коңшулук мамилелер байланыштырып турат. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда түзүлгөн жогорку деңгээлдеги ишеним жана өз ара түшүнүшүү эки тараптуу кызматташууну конструктивдүү өнүктүрүүгө бекем негиз боло алат.

Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттерибиз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Биз эки тараптуу мамилелерибизди жаңы жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даярбыз.

Буга байланыштуу, түркмөн-кыргыз мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенимди билдирүү менен Сизге ыңгайлуу болгон убакта Түркмөнстанга келип кетүүгө чакырамын.

Сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана Мамлекет башчысы катары жооптуу ишиңизде ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалаймын», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: