Menu

БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш Садыр Жапаровду Президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антонио Гутерриш Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

«Сизге жаңы милдеттериңизди аткарууда ийгиликтерди каалаймын. Кыргыз Республикасы БУУнун далилденген жана ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат. Сиздин жетекчилигиңиз менен биздин кызматташтык 2020-жылдын ноябрь айында жарыяланган БУУ менен Кыргыз Республикасынын Биргелешкен Билдирүүсүнө ылайык мындан ары да бекемделе берет деген ишеничтемин. Учурда, татаал глобалдык көйгөйлөр болуп турган кезде, БУУнун Уставында белгиленген баалуулуктарды жана идеалдарды мындан ары жайылтууда, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө Сиздин колдооңузга ишенемин.

Буга байланыштуу, Сиздин бүтүндөй калктын, алардын ичинде аялдардын, жаштардын жана бардык улуттардын өкүлдөрүнүн муктаждыктарына жооп берген жана үмүттөрүн актаган саясий, экономикалык жана социалдык реформаларды жасоого болгон умтулууңузду кубаттаймын.

БУУ тарабынан, анын ичинде Борбордук Азия үчүн превентивдик дипломатиянын регионалдык борбору аркылуу Сизге колдоо көрсөтүлөрүнө ишендирүүгө уруксат этиңиз», — деп белгиленет БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриштин куттуктоосунда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: