Menu

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылды

Бөлүшүү:

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча Бишкек шаардык сотуна күбө катары чакырылды. Бул тууралуу журналисттерге Зилалиевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, бул айыпталуучу мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин сейфинен табылган акчага байланыштуу.

«Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Оптима Банктын кутучасынан 1 миллион доллар табылган видеотасманы таратты. Бул акча президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө жумшалган. Алар экс-мамлекет башчыга Сапар Исаковдун катышуусунда тапшырылган. Биз Сооронбай Жээнбековду суракка чакыруу өтүнүчү менен кайрылдык. Сот биздин өтүнүчтү канааттандырды. Экс-президент мыйзамга баш ийген жаран катары отурумга келүүгө милдеттүү”, – деди Таалайгүл Токтакунова.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2010-2017-жылдары Зилалиевге Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш ишин козголгон. Ошонун негизинде, 2018-жылдын 8-декабрында УКМК тарабынан камакка алынган. Быйыл, августта тоо-кен тармагында лицензия берүү боюнча «Коррупция» беренеси менен жаңы иш козголгон. Мындай айыптарды четке кагып келет. Анын адвокатынын айтымында, “Зилалиев мыйзамсыз байыган” деген айып негизсиз, себеби ал кызматтан түшкөндөн кийин байыган экен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: