Menu

Тажикстанда диний кастыкты козутуу айыбы менен соттолгон журналист эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

Тажикстанда диний кастыкты козутуу айыбы менен былтыр бир жылга соттолгон журналист Далер Шарифов эркиндикке чыкты.

Маалыматка караганда, журналисттин саламаттыгы жакшы, азыр ал Вахдат шаарындагы үйүндө.

Шарифов 2020-жылы январдын аягында кармалган. Апрелде Душанбенин Шохмансур райондук соту аны бир жылга жалпы режимдеги колонияга кескен. Ал китебинде Тажикстанда тыюу салынган уюмдардын идеологиясы тууралуу жазган деп айыпталып, «Улут, раса жана диний кыстыкты козутуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Шарифов өлкөдө 2006-жылдан бери тыюу салынган «Мусулман агайындар» кыймылынын атынан «үгүт жүргүзүп» келгенин билдирген. Журналист сотто бул айыптоолорду четке каккан.

Тажикстандын журналисттер коомчулугу менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Далер Шарифов бийликти сындаганы үчүн жазаланганын билдиришкен. Укук коргоочулардын айтымында, ал адам укуктары жана дин темаларын чагылдырып, бийликтин бул тармактардагы саясатын сындап жазып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: