Menu

Түркмөн бийлиги эл аралык спорттук мелдештерде конокторду коштоп жүрө турган студенттерди даярдоодо

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук министрлиги быйыл Ашхабадда өтө турган эл аралык спорттук мелдештерде конокторду коштоп жүрө турган, англис тилинде эркин сүйлөгөн студенттерди даярдоодо.

Тандалган студенттер эл аралык спорттук мелдештерде котормочулардын жана гиддердин ролун аткарып, конокторго алдын ала белгиленген жерлерди гана көрсөтүп турушат.

Мындан тышкары студенттер чет өлкөдөн келген спортчуларды көзөмөлдөп, алардан уккан-көргөндөрүн жана сүрөт, видео тарткандарды дароо тиешелүү органдарга кабарлоого милдеттүү.

Түркмөнабаддагы педагогикалык институттун окутуучуларынын биринин айтымында, өткөн аптадан бери коопсуздук кызматкерлери тандоодон өткөн 75 студентке смартфондорду колдонуунун сырларын үйрөтүп жатканын билдирди.

2017-жылы Ашхабадда өткөн V Азия оюндарын чагылдыруу үчүн келген батыш басылмаларынын өкүлдөрү ар бир журналистке экиден гид бекитилгенин, алар күндө кураторлоруна үч жолу маалымат берип турушканын жазышкан.

Быйыл 6-11-сентябрда Түркмөнстанда эл аралык теннис мелдеши, 13-17-октябрда велоспорт боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

Өткөн аптада саламаттык сактоо министри Нурмухаммет Аманнепесов Ашхабадга келе турган спортчулар эмдөөдөн өткөрүлүп, керектүү гигиеналык каражаттар менен камсыздаларын кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: