Menu

ФАО Кыргызстанга жашылча-жемиш секторунда азык-түлүк коопсуздугун башкарууга көмөк көрсөтүүдө

Бөлүшүү:

2021 – жылынын мөмө-жемиштердин жана жашылча-жемиштердин эл аралык жылы – Кыргызстан үчүн, ФАОнун, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Жашылча-Жемиш Ишканаларынын Ассоциациясы (ЖИА) менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылып жаткан, ошондой эле алардын мүчөлөрү түздөн-түз бенефициарлардын катарына кирген, Кыргыз мөмө-жемиш жана жашылча азыктарынын коопсуздугун башкарууну жакшыртуу боюнча, жаны долбоорун киргизүү менен башталды.

Стандарттарды жана сооданы өнүктүрүү фонду (ССӨФ) тарабынан каржылануучу долбоор, мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө негизделген тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруунун жалпы кабыл алынган заманбап системасын ишке киргизүүнү колдоого багытталган. Бул системаларды киргизүү, жергиликтүү өндүрүүчүлөргө өз продукциясынын коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле ички жана эл аралык рыноктордун, негизинен Евразия экономикалык биримдигинин мүчөлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет; демек, 400 000 ден ашуун майда дыйкандарынын жашоо шарттарын жакшыртуу.

“Азык-түлүк жана айыл чарбасы, туруктуу өнүктүрүүдө өтө маанилүү роль ойнойт жана ал жерде чоң экономикалык потенциал топтолгон” – деди ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Аднан Куреши. “Долбоорду ишке ашыруу- мөмө-жашылча-жемиш тармагын өнүктүрүүгө жакшы таасир тийгизет жана Кыргызстандын мөмө-жашылча азыктарын сатуу көлөмүн жогорулатууга түрткү берет; бул жыйынтыгында, чакан фермердик чарбалардын жана кайра иштетүүчүлөрдүн рентабелдүүлүгүнүн өсүшүнө алып келет.”

2020-жылдын декабрында ФАО тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын, өндүрүүчүлөрдүн ассоциацияларынын, илимий чөйрөнүн жана тамак-аш өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен виртуалдык кирүү семинарын уюштурган. Жолугушуунун жүрүшүндө ЖИАнын директору Дилбара Алимжанова, өндүрүүчүлөр алдында, азык-түлүктөрдүн коопсуздук талаптары сакталбагандыктан, ички жана экспорттук рынокко жетүүгө кыйынчылык жаралууда деп түшүндүрдү. Себептердин катарына, атап айтканда, финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүүлүгү, техникалык экспертизанын жана башкаруунун жоктугу, ошондой эле инспекциялоонун эскирген системасы кирет.

Өлкөдө расмий азык-түлүк көзөмөлүнө жооп берген министрликтердин, атап айтканда, Айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин, Cаламаттык сактоо министрлигинин, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Экономика министрлигинин, Стандартташтыруу жана метрология борборунун өкүлдөрү,- өз ролдору, учурдагы муктаждыктары менен долбоордун актуалдуулугун жана Covid-19 пандемиянын секторго карата байкалган таасири менен бөлүшүштү. ФАО долбоордук тобу катышуучуларга айтылган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоордун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдап, бүткүл долбоор аралыгында кызматташууга чакырды.

“Бул долбоор алкагында тобокелдиктердин негизинде, тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруунун эл аралык деңгээлде таанылган системалары жаатында потенциалды өстүрүү үчүн стандартташтырылган окутуу системасы түзүлөт. (HACCP) – (анын ичинде: коркунучтарды талдоо жана критикалык контролдук чекиттер, Талаптагыдай өндүрүштүк практика (GMP), Талаптагыдай гигиеналык практика (GHP) жана Талаптагыдай айыл чарба практикасы (GAP)”, – Мэри Кенни, азык-түлүк коопсуздугу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча ФАО кызматкери билдирди.

Мындан тышкары, долбоор мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды илгерилетүү жана сапатын жакшыртуу жолу аркылуу, туура тамактанууга шарт түзүү менен Кыргыз мөмө-жашылча продукциясынын ички жана эл аралык рынокторунун үлүшүн көбөйтүүгө жана Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга жардам берет, ошондой эле, долбоор жугуштуу эмес оорулардын, ашыкча салмак көрсөткүчтөрдү, жогорку кан басымы жана жогорку холестеролду азайтууга өбөлгө түзөт.

Карина Абдылдаева, ФАО.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: