Menu

Таш-Көмүр шаарында саркынды суу түтүктөрүн реабилитациялоо аракети көрүлөт

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 2020-жылы социалдык-экономикалык тармактарында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, коллегияда талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Ага Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, шаар мэри Нурлан Доулбеков, жергиликтүү кеңештин төрагасы Сагын Кудайбердиев жана мекеме жетекчилери катышкан.

Өткөн жылы шаардын өнөр жай тармагында 2 млрд 537 млн 365 миң сомдук продукция өндүрүлгөн. Таш-Көмүр ГЭСтер каскады жыл ичинде 4 млрд 174 млн 600 миң кВт саат электр энергиясын өндүргөн. 2019-жылы ал 4 млрд 13 млн 500 кВт болгон. Мындагы көлөм 104 пайызга жеткен.

Шаардын аймагында жайгашкан өнөр жай ишканаларында Таш-Көмүр ГЭСтер каскадын кошпогондо, 256 млн 873 миң сомдук продукция
өндүрүлүп, жалпы көрсөткүч 150 пайызга жогорулаган.

Жыйында облус башчысынын биринчи орун басары Мамасалы Акматов шаардын тургундарына ыңгайсыздык жаратып келген саркынды суу
көйгөйүн чечүү керектигин айтты. Бул багытта жергиликтүү бийлик Европа Өнүктүрүү Банкы аркылуу түтүтөрдү реабилитациялоо үчүн долбоор
даярдалып жатканы билдирди. Коллегияда алдыңкы мекеме-ишканалар жана коронавирус илдети менен күрөшүүдө салым кошкон кызматкерлер сыйланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: