Menu

ГФР Канцлери Ангела Меркель Садыр Жапаровду Президенттин кызматына киришүүсү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

«Биздин өлкөлөрдү көп жылдан бери эле достук мамилелер байланыштырып келет. Биз ал алакаларды улантууну жана тереңдетүүнү каалайбыз. Германия келечекте да Сиздин өлкөнү колдоого, атап айтканда, экономикалык өнүктүрүү жана укуктук мамлекетти бекемдөөгө багытталган реформалар жаатында колдоого алат. Сизге күч-кубат, ден соолук жана Сиздин алдыңызда турган жооптуу милдеттердин жеңил чечилишин каалайм», — деп айтылат Ангела Меркелдин куттуктоо телеграммасында.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

66 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: