Menu

Улан Ниязбеков БУУ Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын КРдагы кеңсесинин башчысы менен жолукту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-январь күнү Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министри Улан Ниязбеков БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги Бакыт Матмусаев, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги Жеңиш Жоробеков, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын начальниги Нурбек Абдиев катышты.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин ортосундагы кызматташтыкты жогору баалашты.

Улан Ниязбеков баңгизаттарга каршы аракеттенүүгө ар тараптан колдоо көрсөткөндүгү үчүн Программалык кеңсеге ыраазычылыгын айтып,  мындан ары дагы тыгыз кызматташуу  керектигин  билдирди.

Андан сырткары, түзүмдүн башчысы Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык,  уюшкан кылмыштуулукка, диний экстремизмге, киберкылмыштуулукка байланышкан кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ишмердүүлүктү активдештирүү керектигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улан Ниязбеков  баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча иштерди улантып, уюшкан кылмыштуулук, адамдарды сатуу жана диний эсктремизм менен күрөшүү багытындагы иштерди күчөтүү керектигин айтты.

Өз кезегинде Андрей Селезнев ИИМдин позициясын жана демилгесин жогору баалап, өнөктөштүк мамилени мындан ары дагы өнүктүрүү керектигин сунуштады.

Жолугушуунун аягында тараптар бүгүнкү жолугушуу ийгиликтүү өткөндүгүн белгилешип, бирдиктүү кызматташуу мындан ары дагы өнүгө  тургандыгын билдиришип, жаңы маанилүү иштер менен жакынкы арадагы бирдиктүү долбоорлорду талкуулашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: