Menu

Вице-премьер-министрдин м.а. Эльвира Сурабалдиева № 21 атайы мекемеге барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 (Бишкек шаардык СИЗО-1) мекемесине барды. Бул тууралуу өкмөтүн аппаратанын басма сөз кызматы билдирди.

Ал күзөт жана медико-санитардык бөлүгүн, атайы контингент үчүн ашкананы, тергөөдөгү, камакка алынган жактар кармалган камераларды, чарба-тейлөө жумуштарын аткаруу үчүн калтырылган соттолгондор жашаган жайды көрүп чыкты.

Белгиленгендей, өлкөдөгү түзүлгөн эпидемиологиялык абалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын макулдугу боюнча, СИЗО-1 башка күч түзүмдөрүнүн убактылуу кармалуучу жайларынан тергөөдөгү, камакка алынган жактарды, ошондой эле мекемеге келген башка жактарды ПЧР-анализи терс чыккан маалымдамасы болгондо гана кабыл алат, мекемеге кирүүдө дене табы текшерилет.

Айыпталуучу менен жолугушуулар айнек тосмолор аркылуу жүрөт, сот жыйындары видеобайланыш форматына өткөрүлгөн. Дене табы көтөрүлгөн жана коронавирустук инфекцияга шектелген жактар үчүн карантиндик камералар даярдалган, ошондой эле кайрадан келген камалуучулар үчүн изоляцияланган пост бошотулуп, даярдалган, алар алгоритм боюнча милдеттүү түрдө 14 күндүк карантинден өтөт.

Атайы мекемеде жабдылган клинико-бактериологиялык лаборатория бар, медициналык кызматкерлер ПЧР-анализ өткөрүүгө үйрөтүлгөн.  Көптөгөн эл аралык бейөкмөт жана коомдук уюмдар мекемге коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы турууга багытталган гуманитардык көмөк көрсөткөн.

Вице-премьер-министрдин м.а. COVID-19 жаңы штаммын алып кирүү жана анын жайылуу коркунучун эске алуу менен тийиштүү санитардык талаптарды тыкыр сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Эльвира Сурабалдиева аталган мекемедеги айыпталуучулардын кармалуу шарттары менен таанышты жана жарандар менен пикир алышты.

Ал атайы мекемени Бишкек шаарынын четине көчүрүү маселесин чечүү жана мекеме үчүн жаңы имаратты куруу зарылдыгын баса белгиледи.

«Жарандарды кармоо шарты абдан начар. Көп жылдардан бери имаратта капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес, инфраструктурасы эскирип, жараксыз абалга жеткен, бул айыпталган жарандардын жана кызматкерлердин мекемедеги шартынын начардыгына алып келүүдө. Камералардын абалы жакшы эмес. СИЗО-1ди дислокациялоо жана жаңы имаратты куруу боюнча ишти активдештирүү зарыл», – деди ал.

Мындан тышкары, вице-премьер-министрдин м.а. Саламаттык сактоо министрлигине мекемени Тез жардам унаасы менен камсыздоо маселесин чечүүнү, ошондой эле жазаларды аткаруу тутумунун медициналык кызматкерлеринин квалификациясын акысыз негизде жогорулатуу жана медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн аталган тутумдун тийиштүү бөлүктөрүнө бөлүштүрүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: