Menu

УКМК ККК: «Кыргызжылуулукэнерго» Мамлекеттик ишканасынын бюджеттик каражаттарды чыгаруу иштерине бөгөт коюлду

Бөлүшүү:

КРнын УКМК коррупцияга каршы кызматы отун- энергетикалык комплексиндеги коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, жылытуу мезгилинде “Кыргызжылуулукэнерго” Мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын муктаждыктары үчүн жасалма күйүүчү май менен камсыздоо үчүн коррупциялык схема түзүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Кыргызжылуулукэнерго” Мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери жана анын филиалдары ишкердик ишинин айрым субъекттери менен алдын ала макулдашып алышып, “Кыргызжылуулукэнерго” Мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларына жеткирилген мазуттун ири көлөмүн жасалма жол менен мазутту сатуу боюнча финансылык документтер түзүлгөнү аныкталган.

Бул коррупциялык көрүнүш бүткүл республиканын калкын жылуулук менен камсыз кылууга терс таасирин тийгизет. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталып, ал тиешелүү тартипте мамлекетке өндүрүлүп берилди.

Мындан тышкары, “Кыргызжылуулукэнерго” Мамлекеттик ишканасынын “Кант жылуулук менен камсыздоо ишканасы” филиалында, 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилдеринде мазут жеткирүү үчүн документтерди жасалма жол менен каттагандыгы үчүн коррупциялык схемасыны бөгөт коюлган. Аталган ишкананын жетекчилиги ЖЧК биринин өкүлү менен келишим түзүп, жасалма жол менен ири көлөмдө мазут каттаган.

Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, учурда УКМК тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, мамлекетке келтирилген зыян аныкталган. Мыйзамсыз иштерге катышкан бардык адамдар жоопко тартылмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: