Menu

ИИМ: Мал уурулукту болтурбоо жана эскертүүгө багытталган ыкчам жана алдын алуу иш-чаралары ар дайым жүргүзүлүүдө

Бөлүшүү:

Мал уурулукту болтурбоо жана эскертүүгө багытталган ыкчам жана алдын алуу иш-чаралары ар дайым жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыл башынан бери сотко чейинки өндүрүштө мал уурдоого байланыштуу 1173 материал болгон, анын ичинен КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 935 фактысынын бети ачылган.

Республика боюнча мал уурулук менен алектенген 255 адамдан турган 64 кылмыштуу топ кармалган. Кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракетинен жалпысынан 3069 мал уурдалган, анын ичинен 2722 мал ээлерине кайтарылып берилген.

Жарандарга келтирилген жалпы зыяндын саны 78 млн. 360 миң сом, анын ичинен кайтарылганы 42 млн. 740 миң сомду түзөт.

Тажрыйба көрсөткөндөй, мал уурулук кылмыштарынын себеби малдарын жайыттарда, талааларда көзөмөлсүз калтырган жарандар саналат. Көп учурда мындай кылмыштарды изин суутпай ачууга тоскоолдуктарды жараткан бирден бир себеби жарандар жоголгон малдарын өздөрү издешип, укук коргоо органдарына кеч кайрылып жатканы.

Ички иштер министрлиги жарандарга дагы бир жолу кайрылат: Урматтуу жарандар, малыңыздарды көзөмөлдөп, этият болуңуздар. Уурулардан сак болгула! Айыл жергесинде мал чарбачылыгын өнүктүрүү менен ар бир жаран эртеӊки келечегинин ишенимдүү кепилдигин бекемдей алат, сиздерден суранаарыбыз, короолоруңардын эшиктерин бекемдеп, жайыттагы малдарды кайтарууга өзгөчө көзөмөлгө алыңыздар!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: