Menu

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нуркамал Асканованын өмүр баяны

Бөлүшүү:

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган Нуркамал Асканованын өмүр баянын президенттик аппараттын басма сөз кызматы бүгүн, 2-февралда жарыялады.

Нуркамал Асканова 1960-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы  8-Март айылында туулган.

Орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунан уюштуруучу-методист адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.

1993-жылы Мамлекеттик телерадио компаниясына режиссердун ассистенти кызматына кабыл алынган. КТРКнын дээрлик бардык редакцияларында иштеп, бир канча долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган:

— 2000-2006-ж.ж. — «Шок-Факт» көрсөтүүсүнүн алып баруучусу жана редактору;

— 2002-2008-ж.ж. — укуктук багыттагы көрсөтүүлөрдүн уюштуруучусу жана режиссеру;

— 2003-жылы Москвадагы телекөрсөтүү кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү  институтунан  таалим алган;

— 2007-жылы — дайынсыз жоголгон жарандарды издеп, иликтеген  «Кайдасың?» көрсөтүүсүнүн редактору жана уюштуруучусу;

— 2013-2014-ж.ж. — Россия Федерациясынын аймагындагы кыргыз мигранттарынын турмушун чагылдырган «Кыйырдагы кыргыздар» көрсөтүүсүнүн редактору жана уюштуруучусу;

Россиянын «Биринчи каналындагы» «Жди Меня» программасы  менен,  2017- жылдан бери Кытай Борбордук телекөрсөтүүсүнүн «Жди Меня» долбоору менен ийгиликтүү кызматташып келген.

— 2021-жылы февраль айына чейин КТРКнын саясий-социалдык багытта иш жүргүзгөн «Маалымат» бөлүмүнүн баяндамачысы.

— 2021-жылдын 1-февралынан тарта Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы.

Сыйлыктары:

— 2003-2014-ж.ж. НТРК, УТРК, КТРК Ардак Грамотасы;

— 2006-жылы ТВ отличниги;

— 2007-жылы «Жылдын мыкты долбоору»;

— 2010-жылы «Мыкты журналист»;

— 2015-жылы «Маданияттын мыкты кызматкери»;

— 2019-жылы КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;

— 2019-жылы КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: