Menu

Казакстанда «Спутник V» вакцинасын колдонуудан кийинки кесепеттер үчүн компенсация каралган эмес

Бөлүшүү:

Казакстанда коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасын колдонуудан кийинки кандайдыр бир кошумча оорулар же терс кесепеттер үчүн жарандарга компенсация төлөп берүү каралган эмес. Бул тууралуу Нур-Султан шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Тимур Муратов билдирди.

Анын айтымында, мындай учурларга кабылган жарандар «медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында» бекер дарылана алышат.

«Кудай сактасын, бирок эмдөөдөн кийин кандайдыр бир олуттуу кесепеттер болсо вакцинаны иштеп чыккан тарапка суроо бериш керек болот. Бул баскычта биз аткаруучу ганабыз, эмдөөдө бардык алдын алуу чараларын сактайбыз. Бирок эмдөөнүн жүрүшүндө суроолор жаралса, иштеп чыгуучуларга кайрылабыз», — деди Муратов.

Саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматына караганда, алгач 1-мартка чейин «Спутник V» вакцинасы менен шаардагы 6 300 медикти эмдөө пландалууда.

«Медиктер эмдөөдөн өз каалоосу менен өтүшөт. Бүгүнкү күнгө карата дарыгерлердин арасында вакцинадан баш тарткан бирин-серин учурлар бар», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Өткөн жумада «Спутник V» вакцинасынын нускамасына жаңы эскертүү кошулган. Анда вакцинаны өнөкөт оорулары бар адамдарга өтө этияттык менен колдонуу керектиги жазылган.

Буга чейин Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги Орусиянын өндүрүшүндөгү «Спутник V» вакцинасын сатып алуу үчүн өлкө 16,8 миллиард теңге (40 миллион доллар) коротууну пландап жатканын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: