Menu

Калаадагы бала бакчалар 50 миң АКШ долларына чейин инвестиция ала алышат

Бөлүшүү:

Ага Хандын жаңы башталгыч, чакан жана орто бизнести колдоочу “Ыкчам өркүндөтүү” долбоору Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелерине, уюмдарга жана ишканаларга ишкердикти тездетүү боюнча арыздарды кабыл алууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, катышуучулар интенсивдүү окутуу программасынан өтүп, бизнес боюнча кеңеш алышат. Ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр өз бизнесин өнүктүрүү үчүн 50 миң АКШ долларына чейинки инвестицияларды алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бизнес-акселератору АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланган «Жергиликтүү таасир» долбоорунун алкагында уюштурулган. Долбоор ар кандай тармактардагы жана бир нече өлкөлөрдөгү жамааттар арасындагы баштапкы деңгээлдеги татаал көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы, инновациялык чечимдерин табууга багытталган.

Конкурска жеке менчик бала бакчалар, кошумча билим берүү мекемелери жана бир жылдан кем эмес иш стажы жана жылдык кирешеси бар балдардын эрте өнүгүүсү үчүн башка билим берүү мекемелери катыша алат.

СЫНАКТЫН ШАРТТАРЫ:

– Сынакка катышуу үчүн  2021-жылдын 15-февралында, саат 24:00 го чейин анкета толтурушуңуз керек; (белгиленген мөөнөттөн кийин толтурулган арыздар комиссия тарабынан каралбайт)

– анкетаны кыргыз же орус тилдеринде толтурса болот;

– Конкурстун биринчи турунан өткөн, ийгиликтүү талапкерлер гана «Ыкчам ѳркүндѳтүү» тандоо комиссиясына маектешүүгө чакырылат;

– Жатакана, тамак-аш, транспорттун катышуучулары өздөрү камсыз кылышат;

– Бизнес акселератору Бишкек шаарында өтөт.

Сынакка катышуу үчүн онлайн арыз толтурушуңуз керек: https://kg.accelerateprosperity.org/page9034376.html

Сынак жөнүндө көбүрөөк маалымат жана катышуунун шарттары: https://kg.accelerateprosperity.org/bishkek2020

Суроолор боюнча: 0 (990) 935-008 номерине чалыңыз.

«Ыкчам өркүндөтүү» Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун демилгеси болуп саналат жана АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги тарабынан «Жергиликтүү таасир» долбоорунун алкагында каржыланат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: