Гадрут шаарындагы блокпостто турган азери жоокери. 25-ноябрь 2020-жыл
Дүйшөмбү күнү Түркия менен Азербайжан армян-түрк чек арасына жакын жерде аскердик машыгууларын баштады.
Маалыматка караганда, «Кыш-2021» деп аталган машыгуулар 12-февралда аяктайт.
Түркиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө бул машыгуулар кыш мезгилиндеги аракеттердин координациясын камсыз кылууга багытталганы жазылган.
2020-жылы сентябрдын аягында башталып, алты жумага созулган Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылышууларда Азербайжан Түркиянын колдоосу менен аймактагы бир нече районду ээлеп алган. Ноябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Орусиянын президенти Владимир Путин тынчтык келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, тараптар ошол күндө ээлеп турган позицияларын сактап калышса, Орусия аймакка өзүнүн тынчтык орнотуу күчтөрүн жайгаштырган. Ошол эле маалда Азербайжанда түрк-орус мониторинг борбору түзүлгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ