Menu

Сооронбай Жээнбековду жоопко тартуу тууралуу арыз УКМК менен ИИМге жиберилди

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду 2020-жылдын октябрындагы балашамандык үчүн жоопко тартуу боюнча арызды УКМК жана ИИМге жиберди.

Бул тууралуу 2-февралда RFE/RL радиосунyн кыргыз кызматына Башкы көзөмөл органынын басма сөз катчысы Наргиза Куватова билдирди:

«Түшкөн арыз УКМКга жана ИИМге жиберилди. Анткени ал жерде жазык иштери бар. Ошол иштердин алкагында каралып, укуктук баа берүү үчүн ушул органдарга жөнөтүлдү».

Маалыматка караганда, октябрь окуяларында жабыркагандар түзгөн «Кыргыз үмүтү» коомдук бирикменин өкүлдөрү «аянтка чыккан элди кууп-таратуу боюнча күч органдарына тапшырма берген» деген негизде Жээнбековду жазага тартып, экс-президент деген макамынан ажыратууну талап кылууда.

УКМК жана ИИМ арыз боюнча маалымат бере элек.

«Кыргыз үмүтү» коомдук бирикмеси Юстиция министрлигинин каттоосунан былтыр 1-декабрда өткөн. Аны Саламат Алмазбек уулу жетектейт.

Бишкекте 2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандык маалында 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумган.

1 221 адам жабыркап, жүздөй киши ооруканага түшкөн. Ондогон адамдын көзү, башка органдары катуу жабыркаган.

2017-жылдан бери президент болуп келаткан Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда кызматын өз каалоосу менен өткөрүп берип, өлкөдө бийлик алмашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: