Menu

Өзбекстан ТИМи польшалык журналистке ыдык көрсөткөн кызматкерин иштен алды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) польшалык журналист Агнешка Пикулицкага ыдык көрсөткөн кызматкерин иштен алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«2-февралда министрликтин басма сөз катчысы Авазбек Хожиметов журналист Пикулицканы кабыл алып, болуп өткөн окуяга байланыштуу андан кечирим сурады. Мындан тышкары журналистке аккредитация берүү маселеси 3-февралда аяктай турганын билдирди», – деп кабарлады министрликтин басма сөз кызматы.

Апта башында Ташкентте жашап, The Guardian, Al Jazeera, The Diplomat жана Eurasianet басылмалары үчүн макалаларды жазган Пикулицка Өзбекстан ТИМинин кызматкери ага ыдык көрсөткөнүн айтып чыккан. Журналисттин айтымында, мындан тышкары министрликтин кызматкери ага басым жасап, өлкө тууралуу жакшы маанайда макала жазса аккредитация берилерин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: