Menu

COVID-19: Германия жайдын аягына чейин эмдөө иштерин аяктайт

Бөлүшүү:

Германия жайдын аягына чейин калктын 18 жаштан өткөн бөлүгүн коронавируска каршы вакцина менен камсыз кылат. Бул тууралуу өлкөнүн канцлери Ангела Меркель фармацевтикалык компаниялардын, Европа комиссиясынын жана герман жерлеринин өкүлдөрү менен жолуккан маалда билдирди.

Анын жүрүшүндө канцлерге Германияда эмдөө иштери жай жүрүп жатканы тууралуу суроо берилди.

Меркель элди сабырдуулукка чакырып, коомчулуктун ишенимин кетирбөө үчүн вакцинаны жакшылап тандоо керектигин белгиледи. Ал ошондой эле эмдөө эки баскычтан турарын, алардын ортосунда тыныгуу болушу зарыл экенин эске салды.

Канцлер мындан тышкары үчүнчү кварталдын аягына чейин эрезеге жеткен 73 миллион жаранды эмдөөдөн өткөрүү тууралуу өкмөттүн убадасы аткарыла турганын кошумчалады.

Германия калкты эмдөө үчүн BioNTech/Pfizer, Moderna жана AstraZeneca компаниялары өндүргөн вакциналарды каттоого алган. Булардан тышкары немис өкмөтү Johnson & Johnson жана CereVac вакциналарын да караштырып жатканы кабарланган. Азырынча балдар үчүн COVID-19га каршы вакцина иштелип чыга элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: