Menu

Москва районунда мал уурулукту болтурбоо жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү

Бөлүшүү:

Москва районунда мал уурулукту болтурбоо жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Чүй ОИИББынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунда мал баккан жарандар жана атайын малдарды кармоочу сарайлар арбын болгондуктан мал уурулугун алдын алуу иштери ички иштер органдары тарабынан ар дайым жүргүзулүп келет.

Бул жолу Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, мал урулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жургүзүшкөн. Аталган иш-чарада Москва районунун аймагындагы сарайларда мал кармаган фермерлер менен РИИБдүн жетекчилиги жана кызматкерлери жолугушуп аларга мал уурулук кайсыл учурларда болуп жатканын айтышып, ал үчүн сарай ээлери алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгын эскертишкен.

Фермерлер үчүн малчыларды жалдоодо алардын буга чейин эмне жумуштар менен алек болгонун билүүсү зарыл экендигин айтышып, РИИБдүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан жер-жерлерде малчыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү колго алынган.

Иш-чара учурунда Садовое айыл аймактагы сарайда көп жылдан бери таза кандуу жылкыларды кармап келген Саратовцев Василий Николаевич милиция кызматкерлеринин эскертүүлөрүн эң туура деп баалап, өзү да сарайына видео байкоочу камераларды орнотконун айтып, кылмышкерлерден зыян тартып калуунун алдын алганын белгилеген.

Белгилеп кетүүчү жагдай Москва районунун ички иштер бөлүмү тарабынан өткөн 2020-жылы райондо 30 мал уурулугу катталып, анын 28 фактысынын бети ачылган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 2 миллион сомду түзгөн. Анализ көрсөткөндөй мал уурулук фактысы көпчүлүк учурда түнкүсүн эл уктаган маалда катталганы маалым болгон.

Мындай алдын алуу иштери Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан облус аймагында жүргүзүлүүдө.

Андыктан милиция кызматкерлери мал уурулукту алдын алуу үчүн жөнөкөй эрежелери сактоо үчүн кеңештеди берет:

-Мал кармаган сарайдын айланасын тосуп, сарайдын эшиктерин ишеничтүү бекитүү зарыл;

-Көп убакытка малдарды кароосуз же жаш балдарга калтырып кетүү кооптуу;

-Эгерде бейтааныш киши же бейтааныш автоунааларды көрсөңүздөр алардын эмне себептен жүргөнүн билүүңүз зарыл же болбосо автоунаанын үлгүсүн мамлекеттик номерлерин эстеп калууңуз маанилүү;

-Малчыларга дайыма көзөмөл кылып, кандайдыр бир учурда маалымат берүү үчүн аларды байланыш каражаттары менен камсыздоо зарыл.

Эгерде кылмыш окуясы катталса:

-Дароо милициянын аймактык тескөөчүсүнө же 102 номерине кабарлаңыз;

-Милиция кызматкерлери келгенче далил буюмдарга тийишпөө зарыл;

Окуя болгон жердеги издер, автоунаанын издери жана башка далил буюмдар кылмыштын бетин ачууга чоң мүмкүнчүлүк берээрин унутпаңыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: