Menu

«Токмоктук граф» атыккан ишкер Алижан Ибрагимов каза болду

Бөлүшүү:

Алижан Ибрагимов.

Белгилүү казакстандык ишкер Алижан Ибрагимов 67 жаш курагында көз жумганын 3-февралда RFE/RL радиосунун кыргыз кызматынын өз булактары кабарлашты.

Маалыматты Ибрагимов ири акционери болгон «Eurasian Resources Group» компаниясынын басма сөз кызматы да тастыктады.

Ибрагимов коронавируска чалдыгып, Белгияда дарыланып жаткан жеринен каза болгону, маркумдун сөөгү Токмок шаарында жерге берилери кабарланууда.

Ибрагимов 1953-жылы Өзбекстандын Фергана облусунда төрөлгөн, кийин Токмокко көчүп келген. Токсонунчу жылдары Токмоктогу токтоп калган бир катар өнөр жай ишканаларын менчиктештирген. Казакстандагы бизнесин 1989-жылы баштаган. Кийин ага Орусиядагы ишкер чөйрө «Токмоктук Граф» деген каймана ат ыйгарган. 1995-2000-жылдары Ибрагимов Евразия банкынын директорлор кеңешинин төрагасы болгон.

«Форбс Казакстан» басылмасы 2020-жылы анын байлыгы 900 миллион долларды түзөрүн жазган.

Ибрагимов Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын саясий чөйрөнүн өкүлдөрү менен байланышы тууралуу да айтылып келчү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: