Menu

Түркмөнстанда аскердик кийимдерди саткан жарандарга рейд жүрүүдө

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда полиция кызматкерлери аскер кийимдерин кийип жүргөн жана сатып жаткан жарандарга рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу RFE/RL  радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бийлик мындай жол менен аскер бөлүктөрүнөн форма уурдап сатып жаткан жоокерлердин изине түшүүгө аракет кылууда.

Күбөлөрдүн айтымында, аскердик форма саткандарды аныктоо боюнча рейддер 29-январда башталган. «Алар аскер кийимдерин кийип жүргөн же сатып жаткан соодагерлердин мындай товарларын алып, өздөрүнө айып пул салып жатышат», — деди күбөлөрдүн бири.

Жериликтүү тургундар аскер формасы жакшы сатыларын, анткени аны жеткиликтүү баада сатып алса болорун билдиришүүдө.

Акыркы төрт жылдын ичинде Түркмөнстанда майда уурулук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган аскер жетекчилер көбөйгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: