Menu

Ош облусунун Кара-Кулжа РИИБүнүн милиция кызматкерине курал менен кол салган жаран кармалды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-февраль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жана Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тынымсыз жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 13-январында Кара-Кулжа РИИБнин кызматкерлерине ок атуучу курал менен капысынан кол салган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул окуя боюнча Кара-Кулжа РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталып, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 39-130-беренеси менен Кара-Кулжа РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш ачылып, кылмыштын бетин ачуу боюнча тажрыйбалуу кызматкерлерден турган ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн.

Кылмышка шектүү жаран Кара-Кулжа районунун Биринчи-Май айылынын тургуну 46 жаштагы У.А. тергөө кызматына алынып келинген.

Алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө кылмышка шектүү жаран аталган кылмышты жасагандыгы тууралуу көрсөтмө берип, көп жыл мурда милиция кызматкерлери менен жеке пикир келишпестиги болгон учурду эстеп, өзү мыйзамсыз алып жүргөн ок атуучу куралын алып келип түн караңгыда кызматкерлерди атып жибергендигин билдирген.

Түнү менен үйүнө кайтып келип кийип жүргөн кийимин жана мылтыктын кундагын үйүндөгү мешке жагып жиберген дагы жана мылтыктын найын (стволун) үйүнүн короосуна кире беришиде орнотулган дарбазанын түтүгүнө салып жибергендигин көрсөткөн.

Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери тарабынан буюм далилди алуу максатында дарбазынын түтүктөрү текшерилип, андагы жашырылган мылтыктын стволу табылган. Дарбазанын түтүгүн кесип мылтыктын стволун далил буюм катары экспертиза кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда Кара-Кулжа РИИБүнүн кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: