Menu

Пандемиядан улам Тажикстандын жүк жана жүргүнчү ташуу тармагына $26 млн түшпөй калды

Бөлүшүү:

Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам Тажикстандын жүк жана жүргүнчү ташуу тармагына 300 миллион сомони (26,3 миллион доллар) түшпөй калды. Бул тууралуу өлкөнүн Транспорт министрлиги билдирди.

Мекеме жетекчиси Азим Иброхим 3-февралда маалымат жыйынын өткөрүп, Тажикстан поезд менен эл аралык жүргүнчү ташуу каттамдарын калыбына келтирүүгө даяр экенин, бирок Орусияда «коронавирус менен ооругандар көп болгондуктан», мүмкүн болбой жатканын билдирди.

Буга чейин тажик бийлиги пандемия өлкө экономикасына 2 миллиард доллардан ашык зыян келтиргенин, бул көрсөткүч дагы өсүшү мүмкүн экенин кабарлаган.

Пандемия маалында Орусиядагы миңдеген тажикстандык жаран мекенине келе албай кыйналган. Айрымдары чартердик каттамдар менен келсе, башкалары поезд жана автобус каттамдарынын калыбына келишин күтүп калышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: