Menu

Сокулук районунда автоунаа уурдоого шектүү жаран кармалды

Бөлүшүү:

Сокулук районунда автоунаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-февраль күнү арыз менен  1967-жылы туулган Э.К. аттуу жаран кайрылган. Анда  болжол менен түнкү саат 1:00дөн эртең мененки 6:00го чейин анын автоунаасын үйүнүн короосунда токтоп турган жеринен айдап качып кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүнү суранган. Бул факты Сокулук РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 206-беренеси менен катталган.

Бул кылмыштын ыкчам түрдө бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иштөө иш аракеттери жүргүзүлүп, натыйжасында бул кылмышка шектүү делип 1984-жылы туулган А.Р. аттуу жаран Токтогул районунан кармалып, Сокулук РИИБүнө жеткирилген. Учурда шектүү адам убактылуу кармочуу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: