Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Улукбек Мариповго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Ал белгилегендей, Россияны жана Кыргыз Республикасын достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер бириктирип турат.
“Сиздин Өкмөттү жетектөөдөгү ишмердүүлүгүңүз эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык кызматташтыкты, Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы интеграциялык өз-ара аракеттешүүнү мындан ары карай тереңдетүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишенем”,- деп айтылат куттуктоодо.
Өкмөт төрагасы Михаил Мишустин Премьер-министр Улукбек Мариповго ден-соолук, бакубаттуулук жана жооптуу кызматтагы ийгиликтерди каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ