Жалал-Абад облусундагы суу каптаган үйлөрдү куткаруучулар тазалоодо. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда КР ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кечээ, 4-февраль күнү саат 14:55 чамасында Кербен шаарынын Беш-Батман каналында тос пайда болуп, суу ашып 11 турак үйдүн огороддорун, анын ичинен 4 турак үйдүн пай дубалынын аба өткөрүүчү тешиктеринен суу кирген.
Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Аксы райондук №70 ӨКБдан 17 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 адам, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор жана мэриядан 1 экскаватор тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында каналдагы суунун нугу токтотулуп, 4 турак үй тазаланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ