Menu

Феликс Кулов: “Жаңы Башмыйзамга карата коомчулуктун реакциясы курч болот”

Бөлүшүү:

– Феликс ага, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы саясый абалга кандай баа берип турасыз?

– Азыр оор абалдабыз. Экономикабыз төмөн түшүп кеткен. Азык-түлүк продукцияларыбыздын запастары жокко эсе. Басымдуу бөлүгү четтен келүүдө. Алардын канчасы экологиялык жактан таза, канчасы жарамдуу экенин эч ким билбейт. Бириккен Улуттар Уюму 2021-жыл бүткүл дүйнө боюнча абдан оор болорун жарыя кылды. Анын ичинде ошол эле азык-түлүк продукциялары тартыш экенин жана КОВИД-19 пандемиясынын 3-толкунун айтты. Ошого карабай биздин өкмөт жогорудагыларды эске алып, аябай чымырканып иштесе, каатчылык абалдан чыгып кетүү жагы бар. Бирок, менде андай оптимизм жок.

– Учурда жаңы шайланган президентке оппозиция керекпи?

– Конституциялык кеңешмеде отургандар жаңы Башмыйзамга “президентке, өкмөткө оппозиция болуш керек” дегенди киргизишти. Бирок, кандай оппозиция болору бул башка маселе. Алсак, Абдил Сегизбаевдин, Курсан Асановдун тарапташтары өздөрүн “оппозициябыз” деп атагандары туура эмес. Менимче, конструктивдүү, акыл-эстүү оппозиция болгонун коомчулук колго алат. Жөн эле кыйкырып, эшикке чыгып алып ахлакратияга айлантканын эч ким жактыра бербейт.

– 10-январдагы президенттик шайлоо сиздин оюңузча туура эле болдубу?

– Президенттик шайлоо туура эле болду. Бул жерде да “бирок…” деген сөз бар. Эмнеге дегенде, коомчулук жапатырмак президенттик башкарууну тандап алды. Бул да туура. Эми жакынкы арада Башмыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыгат. Кептин баары ушул жерде. Президенттин укуктары кеңейтилдиби, же өтө эле кыскартылдыбы? Кандай болгон күндө да коомчулуктун реакциясы болот. Курч маанайда. Мүмкүн “жаңы Башмыйзамдын негизинде президенттик шайлоо болушу керек” деген оюмда турам. Эми ага чейин парламенттик талкуу болот, жактырылат, жактырылбайт дегендей, коомчулук да өз ойлорун айтууга укуктары бар. Президенттик кайра шайлоо боюнча оюмду жакынкы күндөрү толуктап айтам.

– “Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаттары таркасын, булардын мөөнөтү эбак эле бүткөн!” дегендер чыкты…

– Конституцияда “жаңы парламент, парламентарийлер шайланып келгенге чейин мурунку чакырылыштын депутаттары иш алып барып туруш керек” деген таризде жазылган. Себеби, “мөөнөтүңөр бүттү, кеткиле” дегенде бийликтин боштугу, вакуум пайда болбош керек, мыйзам талаасы сакталып турганы оң. Демек, кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, жаңы депутаттар келмейинче каалайбызбы-каалабайбызбы, 6-чакырылыштын депутаттары иштей берет.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: