Кечээ, 5-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардын 218-кварталындагы жаңы конуштун жашоочулары менен жолугуп, таза суу чыгаруу боюнча бүткөн долбоорду жеринен көрүп келди. Жашоочулардын көйгөйлөрүн угуп, жеринде тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов долбоор боюнча жаңы конуштун негизги көчөлөрүндө жалпы 8 суу түтүкчөсүндө суу чыгарылганын айткан. Өз билемдик менен короосуна суу тартып алгандар мыйзам чегинде жооп бере тургандыгын баса белгиленген.
“Бул жаңы конушка биринчи жолу 5 чакырымдан таза суу тартылып, алынып келинди. Долбоор боюнча сегиз жерге суу түтүкчөсү коюлду. Бирок бул убактылуу мүчүлүштүктөр. Жаңы суу кампалары бүтсө толук кандуу таза суу менен камсыздоо болот. Ал эми азыр ар бир үйгө таза суу тартууга азырынча мүмкүн эмес. Анткени суунун басымы аз. Түшүнүү менен кабыл алып, болгон мүмкүнчүлүктү колдонуп туралы. Суу чыгарылгандан кийин да көйгөй болгондуктан, өзүм келип көрүп, маселени чечүүнү туура көрдүм. Бул жаңы конуштардын маселеси бир күндө чечилип кетпейт. Бир четинен аракеттер көрүлөт”,- деген Т.Сарыбашов.
Жашоочулар тарабынан жол, жарыктандыруу, электр мамычасы, бала бакча жана коомдук каттамдар туурасында көйгөйлөр айтылган. Калаа башчысы 218-кварталдын айрым көчөсү жарыктандырыла турганын, электр мамычалары боюнча да маселелер каралаарын билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ