Menu

7-февралда Бишкекте кезектеги “Мыйзамдуулук үчүн!” тынчтык жүрүшү өттү

Бөлүшүү:

7-февралда Бишкекте кезектеги “Мыйзамдуулук үчүн!” тынчтык жүрүшү өттү. Уюштуруучулар акцияга кырктай адам катышканын кабарлашты.

Алар адаттагыдай эле Темир жол бекетинин алдына чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу Ала-Тоо аянтына келишти жана талаптарын айтып тарап кетишти.

Акцияда Кыргызстанда коррупцияны жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу чакырыктары айтылды. Катышуучулар колдоруна Конституциянын сүрөтүн, мыйзамдуулукка чакырган жазуулары бар плакаттары көтөрүп алышты. Президенттик аппарат же өкмөт тараптан акциядагы талаптарга комментарий боло элек.

“Баштан башта” кыймылы демилге кылган “Мыйзамдуулук үчүн!” тынчтык жүрүштөрү 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшембиде уюштурулуп келе жатат. Ага негизинен жарандык активисттер, кээде парламенттеги айрым саясатчылар катышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: