Menu

Зайнидин Курманов, профессор: “Убактылуу өкмөтчүлөр 2010-жылдан бери жашырып келе жаткан бир чындыкты элге айтууга убакыт келди”

Бөлүшүү:

“Убактылуу өкмөтчүлөр 2010-жылдан бери жашырып келе жаткан бир чындыкты элге айтууга убакыт келди, бирок бул чындыкты бардык билимдүү юристтер эбактан бери билишет. Азыр коомду калп менен эки жүздүүлүктөн арылтуу үчүн ар бир атуул билгенин элге айтсын. Убактылуу өкмөтчүлөр бийликке эл үчүн эмес, “майлуу-сүттүү” бекер оокаттарды тартып алуу үчүн келишкенин мойнуна алышып, элден кечирим сурашсын. Алардын бийликтеги душмандары да периште болушкан эмес, бирок алар адептүүлүктүн чегин билишкен. Убактылуу өкмөтчүлөр сыяктуу “көрбөгөндүн көргөнү курусун” болушкан эмес”, – деп билдирди профессор Зайнидин Курманов Facebook социалдык тармагындагы баракчасында.

“2010-жылы апрелдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин мамлекеттик бийликтин бардык институттары – парламент, өкмөт жана президент кууп-таратылганда, кырдаалды мыйзамдуу жол менен өзгөртүүнүн бирден-бир жолу бар болчу. Ал – элдик демилге аркылуу конституциялык реформаны колдогон жарандардын 300 000 колун чогултуу эле. Бирок Убактылуу өкмөтчүлөр муну жасабай, мыйзамсыз Декреттерди чыгара башташты. Ошондуктан 2010-жылкы конституцияны легитимдүү деп айтууга болбойт. Өлкө мыйзамсыз Декреттер менен башкарыла баштаган, андан кийин мыйзам чыгаруу боюнча вакханалия доору башталды. Азыр цивилизациялуу, жалаң мыйзамга негизделген өнүгүүнү баштоо үчүн ал Декреттер азыр токтоосуз түрдө жокко чыгарылышы керек. Демек азыр мыйзамсыз конституция жөнүндө куру кеп айтуунун кажети жок, буга кошумча авторлор конституцияны 2016-жылы өзгөртүшүп, дагы бир жолу зордукташкан. Эки жүздүүлүктүн чеги жок эмеспи”, – деди профессор Зайнидин Курманов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

Комментариялар

Сергей
3 years артка

Это всем интеллигентам итак ясно что Конституцию текебаев перекроил под себя—хотел с депутатов ЖК оброк(получал до поры)

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: