Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов атканадагы чыккан өрт тууралуу Facebook социалдык тармагындагы баракчасына билдирүү жазды.
“Менин атканамда болгон өрт тууралуу маалыматтар таркай баштады!
Бул маалымат ар башкача чечмеленип, ар кандай божомолдор жаралып жатат. Андыктан бул факт боюнча билдирип коюуну чечтим.
Өрт 4-февралда түшкү саат 13:25те болгон, бул тиричиликке тиешелүү окуя.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.
Сизден эрте тыянак чыгарбоону суранабыз. Ыракмат!
Мени колдогон сөздөр үчүн тынчсызданган адамдардын бардыгына ыраазычылыгымды билдиргим келет. Өрт өчүрүү кызматына ыкчам келгендиги үчүн ыраазычылык билдирем!”, – деп жазган ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ