Menu

Лукашенко Мирзиёевдин пландарынан “кээде чочуй турганын” айтты

Бөлүшүү:

Александр Лукашенко Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин пландарынан кээде “чочуйт”. Бул тууралуу ал 4-февралда Ташкенттин Беларустагы элчиси, кызмат мөөнөтү аяктаган Насиржан Юсупов менен коштошкондо айтты.

“Эркин Европанын” өзбек кызматы Беларус медиасына таянып кабарлагандай, Лукашенко Мирзиёев тууралуу мындай деген:

“Аны менен Өзбекстандын пландары жөнүндө сүйлөшкөнүмдө кээде коркуп кетем. Ал баарына аябай тез киришип кетпеди бекен деп ойлонуп калам”.

Лукашенко Өзбекстан геосаясаттан четте калышы мүмкүн эместигине басым жасап, Мирзиёевге ишеним билдирген.

2020-жылы Беларуста өткөн, жыйынтыгы эл аралык деңгээлде дагы эле талаш бойдон турган шайлоодо өзбек президенти Лукашенкону эң биринчилерден болуп “жеңиши менен” куттуктаган.

9-августтагы шайлоодо Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко жеңип чыкканы расмий жарыялангандан кийин өлкөдө оппозициянын жана жарандык коомдун нааразылык акциялары башталган. Андан бери митингдер, жүрүштөр токтобой келүүдө. АКШ жана Европа Биримдиги Лукашенкону президент катары тааныбай турганын билдиришкен.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстанды 2016-жылдан бери башкарат. Келерки президенттик шайлоо 2021-жылдын күзүндө өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: