Кечээ, 7-февралда КР УКМК ККК жана КР ИИМ ИИК менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, Чүй облусунан акча каражатын алып жаткан учурунда Москва райондук РИББ өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчүсү Ж.Э.А. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, кармалган адам сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруу үчүн жарандан акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.
Кармалган Ж.Э.А. кызматтук бөлмөсүн тинтүүнүн жыйыгтыгында мурун пара катары алынган каражаттын бир бөлүгү табылып алынды. Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылу кармоочу жайына киргизилди.
Терөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ