Menu

Галина Байтерек, президенттин басма сөз-катчысы: “Президент Садыр Жапаров өзүнүн сүрөтүн кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштайт”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-катчысы Галина Байтерек Мамлекет башчысынын сүрөтүн илүү маселеси боюнча комментарий берди.

Ал баардыгы кабинеттерге, мамлекеттик мекемелердин имараттарына элдин биримдигин жана мамлекеттик бийликти туюнтуу максатында өлкө Президентинин портретин илип алганга көнүп калышкандыгын белгиледи.

«Президент Садыр Жапаров „жарандарыбыздын турмушун жакшыртуу жаатында азырынча эч нерсе жасай элекмин“ деп эсептейт. Андыктан, ал мамлекеттик бийликтин бардык органдарына анын портретин кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштайт. Президент Садыр Жапаровдун пикиринде, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сүрөттөрүн илүү максатка ылайык келет», — деп белгилейт Галина Байтерек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: