Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Гайпкулов Искандер Төрөбаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин бул кызматты Иманалиев Данияр Шаршенбекович ээлеп келген. Ал башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ордунан бошотулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ