4-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында өткөн жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын орун басары кызматына Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Добуш берүүдө талапкерди 74 депутат колдоп, 1 эл өкүлү каршылыгын билдирген. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ