Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болду. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге мэриядагы кызматкерлер тастыкташты.
Алардын айтымында, муниципалитеттин жаңы башчысынын милдетин аткаруучу эмгек жамаатына 9-февралда эртең менен тааныштырылат.
Буга чейин борбордун мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан алынган.
Маалыматка ылайык, ага президенттин иш башкаруучусу кызматын сунушташкан.
Белгилей кетсек, Эрмек Нургазиев 2020-жылдын октябрь айындагы шайлоодо “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ